Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекте эки көчө оңдоого жабылып, автобустардын каттамы убактылуу өзгөртүлөт
19.05.2025 | 17:12
Эртең, 20-майда Бишкек шаарында эки көчө оңдоо үчүн жабылып, алар аркылуу жүргөн автобустардын жүрүү кыймылына өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Оңдоого Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейин бөлүгү, ошондой эле Москва көчөсүнүн Асаналиев көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Мындан улам аталган тилкелер менен жүргөн №195, 227, 8Т, 10Т, 4Т, 23, 107, 103, 7Т жана 222 автобустар убактылуу аталган тилкелерге жакын көчөлөр менен жүрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом