Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстандык окуучулар Сочиде өткөн биология боюнча эл аралык олимпиадада алтын медаль тагынышты
19.05.2025 | 15:36
Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Open International Biology Olympiad (OIBO 2025) аттуу эл аралык олимпиада биринчилик орундарды багындырышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Олимпиада 10-17-майда Орусиянын Сочи шаарындагы “Сириус” билим берүү борборунун базасында өткөн. Анда дүйнөнүң ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окуучулар үч баскычта күч сынашкан: теориялык, практикалык жана командалык долбоордук турлар.
Кыргызстандан барган курама команда жогорку даярдыкты көрсөтүп, 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышкан. Мындан тышкары, командалык долбоордук турда 1-орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланышкан.
Жеңүүчүлөр:
- Дмитрий Рубан, «Сейтек-STEM» билим берүү комплекси – алтын медаль;
- Увалиев Нурсултан, Х. Карасаев атындагы Каракол лицейи – күмүш медаль;
- Виноградов Арсений, Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейи – күмүш медаль;
- Русланбеков Улукбек Арстанбекович, «Сейтек-STEM» билим берүү комплекси – күмүш медаль;
- Асанкалыев Ахмед, Жайыл Баатыр атындагы ООЛ – коло медаль;
- Русланбеков Омурбек Арстанбекович, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи – коло медаль.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом