«Куликовский» 2 миңден ашык киши иштей турган кондитердик фабрика курат

«Куликовский» 2 миңден ашык киши иштей турган кондитердик фабрика курат

«Куликовский» компаниясы 2 миңден ашык киши иштей турган кондитердик фабрика курат. Бул тууралуу Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев сүт өндүрүүчүлөр менен болгон жолугушууда айтты.

Төрөбаев «Акчабарга» билдиргендей, учурда алар фабриканы куруу үчүн жер издеп жатат. Ал белгилегендей, «Куликовскийдин» жетекчисинин айтымында, Казакстанда ага ишкана салууну сунуштап, салыктык жеңилдиктерди берерин билдиришкен.

«Бирок ал Кыргызстанда курууну чечкен. Себеби биздин сүттүн даамы башкача, жакшыраак. Тилекке каршы биздин фермерлер сүттүн сапатын жакшыртуунун үстүндө иштебей жатат, антибиотикти ашыкча колдонгон учурлары бар», — деди министр.

Төрөбаев сүттүн сапатын бузуп албоо зарыл экенин айтып, фермелер кооперативге биригиши керектигин сөз кылды.

«Мамлекет кооперативдерге көңүл буруп, аларга жеңил насыяларды берет», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>