Кыргызстанда кулпунай жана алма өстүрүү боюнча өлкө чемпиондору аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Кулпунай өстүрүү боюнча мыкты деп дыйкан Нурбек Отогонов табылды. Ал 1 гектар жерден 37 тонна кулпунай алып, кирешесин көбөйткөн.
Ал эми багбан Нурсултан Уланбек уулу алма өстүрүү боюнча чемпион аталды. Ал интенсивдүү ыкма менен алма өстүрүп, 1 гектарга тигилген 2 миң түп алма багынан 25-30 тонна түшүм жыйнаган.
29-январда К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде иштин көзүн тапкан адистер менен дыйкандар өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кулпунай жана алма өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары тууралуу айтып берет.
Иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн 0770 850 015 номери боюнча Айыл чарба министрлигинин өкүлү Турат Идрисовго кайрылууга болот.