Кундус Кырбашева: Борбор Азиянын аялдары жашыл келечектин лидерлери болушу керек

Бишкекте өткөн Эл аралык аялдар бизнес-форумунда Жашыл энергетика фондунун директору Кундус Кырбашева климаттын өзгөрүшү шартында аялдардын орду тууралуу ой бөлүштү.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Борбор Азиянын аялдары климаттык чакырыктардын курмандыгы эмес, жашыл келечектин лидерлери болушу зарыл.
«Ооба, мөңгүлөр ээрип жатат, суунун көлөмү азаюуда, жер чарчоодо. Бирок дал биз, аялдар, кыйынчылыктарды мүмкүнчүлүккө айланта алабыз. Биз үй-бүлөнүн сактоочулары гана эмес, жаңы күчтүн булагыбыз», — деди Кырбашева.
Ал жашыл экономика аялдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи:
- энергетика жана илим тармагындагы кесиптер;
- экотехнология жана туризмдеги ишкердик;
- эл аралык программалар жана каржылоо булактары, өзгөчө аялдардын демилгелерин колдогон долбоорлор.
Кундус Кырбашеванын пикиринде, аялдардын биримдиги Борбор Азияда күчтүү үн жаратып, эл аралык чечимдерге таасир этүүгө жол ачат.
«Эгер биз бириксек, биздин үн дүйнөлүк деңгээлде угулат. Жашыл келечекти аялдардын лидерлиги гана камсыздай алат», — деп жыйынтыктады ал.