Кур менен муунткан. Таксисти сабап, унаасын тартып алгандар колго түштү – сүрөт
Чүй облусунун Аламүдүн районунда таксистти карактоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2003-жылы туулган таксист А.К. Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылган. Анда 2021-жылдын 31-декабрда болжол менен саат 02:00 чамаларында Бишкек шаарынан бейтааныш 3 бала такси чакыртышып, Аламүдүн районунун Восток айылына жеткирүүнү айтышкан. Белгиленген жерге жеткенде жүргүнчүлөр айдоочуну коркутушуп, кур менен муунтушуп, уруп-согушуп, бычак менен коркутушуп, автоунаасын жогорудагы балдарга саткандыгы тууралуу тил кат жаздырып алышкан.
Кийин айдоочунун колу-бутун байлашып, автоунааны жана айдоочунун телефонун алышып, окуя болгон жерден белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин айткан.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси “Каракчылык” боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Бишкек шаарынан 2002-жылы туулган К.Н., Н.Н. жана 2004-жылы туулган М.М. аттуу жарандар кармалышкан. Алар убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Уурдалган автоунаа Ысык-Ата районунун аймагынан табылган. Шектүүлөр жогорудагы автоунааны ортомчу аркылуу сатууга аракет кылып жатышкан жеринен колго түшүрүлгөн.
Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
[image_carousel source=”media: 117852,117853,117854″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]