Файзиев «Асман шаарын» куруу боюнча дирекциясын жетектейт

Файзиев «Асман шаарын» куруу боюнча дирекциясын жетектейт

«Элит Хаус» курулуш компаниясынын мурдагы башкы директору Тимур Файзиев Ысык-Көлдөгү «Келечектеги Асман шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектейт. Бул тууралуу бизнесмен өзү Instagram баракчасына билдирди.

«Бул 500 миң кишилик жаңы шаар болот, аны дагы 500 миң адамга кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бардыгы болуп миллионер, экошаар болот. Биз азыртан эле инвесторлордун бир нече тобу менен абдан тыгыз иштешип жатабыз. Бул абдан кызыктуу долбоор жана абдан кызыктуу шаар болот: таза аба, ачык асман, яхталар, лыжа тебүү, спорт, пляждар. Биз мунун баарын бириктирип, заманбап долбоор кылгыбыз келет”,-дейт Тимур Файзиев.

Анын айтымында, шаарды курууга кеткен чыгым 10-20 миллиард долларды түзөт.

«Көптөгөн адамдар Кыргызстанга мынчалык акчаны тартуу мүмкүн эмес деп ойлошот. Бүгүн биз премьер-министрдин деңгээлинде стратегиялык командабыз менен иштешип, Кыргызстанга 100 миллион доллар тартуу боюнча стратегияны иштеп чыгуудабыз жана азыр бул суммага долбоорлорду пландаштырып жатабыз», — деп кошумчалады ал.

Файзиев ондогон инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Чоң олимпиадалык шаарчаны, Диснейлендди, медициналык туризм үчүн чоң медициналык борборду, ири көргөзмө борборун жана башкаларды куруу пландалууда.

Ишкердин айтымында, шаардын курулушу 8 жыл 4 миң гектар жерди алып, дагы 4 миң гектар жерди кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

  • 2021-жылдын май айында Тимур Файзиев Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин каттоодо алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталуучу болгон.
  • Сот сыртынан ишкердин баш коргоо чарасын камакка алуу түрүндө тандап, кийинчерээк анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.
  • Акыркы маалыматтар боюнча, иш прокуратурада.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>