Алматыда Борбор Азия өлкөлөрү айлампа экономика маселелери боюнча жыйын өткөрдүСигэру Исиба башында турган жапон өкмөтү бийликтен кеттиСокулукта энесине зомбулук көрсөткөн жаран кармалдыАлдамчылыкка шектелген адвокат кармалдыЖалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу алдамчылыкка шектелип кармалдыБУУ Кыргызстанды өлүм жазасын кайтарбоого чакырды
Куралбекова: Эртең Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант беришет
28.12.2021 | 17:44
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары ант беришет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди.
Эртең, 29-декабрь саат 11:00дө парламент имаратында Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт.
28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болду, анда 5 пайыздык босого чектен алты партия өттү. Алар: “Ата Журт – Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Ыйман нуру”, “Бүтүн Кыргызстан”. Бул чакырылышта 120 эмес, 90 депутат болот, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келишти.
Белгилей кетсек, парламенттин жаңы курамы ишин баштаган күндөн тартып 6-чакырылыш ишин токтотот.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат