Курман айт күнү коомдук транспорт бекер болот

Курман айт күнү коомдук транспорт бекер болот

16-июнь күну саат 5:30дан 11:00гө чейин коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Муниципалитет шаардагы жол тыгынын эске алуу менен Айт намазга карата коомдук транспортту 5 саат акысыз жүргүзүү чечимин кабыл алды.

Мэрия шаардагы мечиттердин даректерин жана автобус, кичи автобустардын номерлерин жарыялады.

Свердлов району:
Имам Сарахси атындагы борбордук мечит, Жибек-Жолу проспектиси, 264;
Автобустар — 2, 31,35,36,40,51,100;
троллейбустар -2,8,11;
Кичи автобустар — 101,118, 134,175,188,193,201,244,285.

Борбордук мечит Бишкек ш., Москва көч., 25;
Автобустар — 35, 48;
Кичи автобустар -121, 131, 172.

Ленин району:
Абдулкерим Сатук Буурахан атындагы мечит, Тыналиев көч., 38;
Автобустар – 11,31,49,100;
троллейбустар -5,11,14;
Маршруттук таксилер-101,118,130,135,147,148,188,201,202,203,207.

Октябрь району:
7-апрель мечити, Б.Юнусалиев көч., 178/1;
Автобустар — 42,52,105,162,195,212;
Троллейбус -17;
Кичи автобустар -106,172,193,204,243,246.

Айша мечити, 12-кичи району, 52/1Б дареги;
Автобустар – 9,49,226;
Кичи автобустар -132 172 215.

Биринчи май району:
Ыйман мечити, көч. Касымалы Баялинов көч., 187 (Баялинов-М.Ганди кесилиши)
Автобустар — 15,34,195, 145;
Кичи автобустар – 133, 143, 173, 218, 290.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Айт намаз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>