Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Курман айт намазы мечиттерде гана окулат
11.06.2024 | 16:22
Кыргызстанда 16-июнь – Курман айт майрамына карата айт намазы аянттарда окулбайт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, айт намазы жума мечиттерде окулат.
Айт намаздын программасы:
06:15-07:25 – баяндар;
7:25-7:30 – айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү;
07:30 – Курман айт намазы.
Эскерте кетсек, буга чейин 8-апрелде Орозо айт намазы да аянттарда эмес, мечиттерде окулган. Анда мындай чечим коопсуздук чараларына байланыштуу кабыл алынган айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом