Орунтаев: Lalafo’до курулушка лицензия 100 миң долларга сатылат

Орунтаев: Lalafo’до курулушка лицензия 100 миң долларга сатылат

Lalafo маркетплейсинде курулушка лицензиялар сатылып жатат. Бул тууралуу парламенттин транспорт, коммуникация жана курулуш комитетинин жыйынында  мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, биринчи деңгээлдеги курулушка уруксат кагазы 100 миң доллар сатылууда.

«Учурда лицензия өзү 1 миң сом эле турат. Азыр биз наркы 150 миңден — 1,5 миллион сомго чейин көтөрүүнү сунуштайбыз. Ишкана өзгөрүп, кайра катталса, компаниянын аты өзгөрсө, анда уруксаты жокко чыгарылат», — дейт ал.

Каттоодон өткөндөн кийин курулуш компания 1 жыл ичинде ишти баштап, салык төлөбөсө, анын ишмердиги токтотулат.

«Азыр лицензия алыш үчүн кранды ижарага алат, калган материалдарды дагы эптеп топтоп эле ээ болушкан. Колунда күрөгү жок, бирок уруксат кагазы бар. Текшерүү учурунда, биринчи дэңгээлде иш алып барган 50 компания гана өзүнүн ишмердигин ырастай алды. 23 компаниянын иши 3 айга токтотулду», — дейт ал.

Орунтаевдин маалыматында, өлкө боюнча курулушка  7 миң 730 лицензия берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>