Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жардамчысы Дамир Пайзилла уулу үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 17-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Ал Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынган.
Жактоочу Икрамидин Айткулов Курсан Асанов менен журналист Турсунбек Бейшенбековдун үй камагындагы мөөнөтү дагы эки айга узартылганын билдирди.
Курсан Асанов 8-август күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында “милициянын кызыкчылыгын сатты” деп, 13-август күнү ээлеген кызматынан бошотулган. 27-августта ал үй камагына алынган. Башкы прокуратура ага, “Атамбаевдин үйүнөн алынган баштыктагы далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган” деп айып таккан.
Дамирбек Пайзылла уулу 23-августта Курсан Асановко карата козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Ал Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кылмыш ишке тиешеси бар документ жана башка буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катышууга шектелип жатат.