Күздөн тарта айдоочулардын сабаты текшерилет. Жолдогу жаңы эрежелер

01.10.2025 | 17:00

Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча олуттуу реформалар башталды. 2025-жылдын 1-октябрынан тарта коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү «Коопсуз шаар» долбоорунун интеллектуалдык камералары автоматтык түрдө аныктап, фото-видео далилдин негизинде айып пул салат. Муну менен катар, 2024-жылдын 1-сентябрынан баштап жол эрежесин бузган айдоочулар жеринде сурамжылоого алынып, эгер эреже билими начар экени аныкталса, расмий экзамен тапшырууга жөнөтүлө баштады. Мамлекет бул жолу статистикага эмес, себепке тактап айтканда, айдоочулардын эреже билбестигине жана жоопкерчиликсиздигине каршы түздөн-түз чара көрүүнү көздөөдө. Бул боюнча мамлекет башчы Садыр Жапаров да жеке өзү билдирүү жасаган. Бул ирет Reporter.kg жол эрежелериндеги жаңы талаптарга саресеп салат.

Жаңы мыйзам жолдо коопсуздук жок экенин каңкуулайт. Бирок бул факт. Себеби акыркы мезгилде жол кырсыктарынын санынын массалык түрдө өсүшү буга далил. Кыргызстандагы жол кырсыктарынын саны жылдан-жылга өсүп келет. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2023-жылы 7 830 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 960 адам каза болуп, 10 миңден ашык адам жаракат алган. Бул дээрлик күн сайын 2-3 адамдын өмүрү жолдо үзүлүп жатат дегенди билдирет. Өлкөнүн жолдору эл арасындагы “өлүм капканы” деген атка ээ болуп келүүдө. Себеби сапатсыз жолдор эмес, эрежелерди билбеген жана сактабаган айдоочулар.

Жогоруда биз сөз кылган чаралардан улам 1-сентябрдан баштап ИИМ менен «Унаа» мекемеси биргеликте ишке киргизген реформага ылайык, жол эрежесин бузган ар бир айдоочу жеринде сурамжылоого алынат. Эгер ал жөнөкөй суроолорго жооп бере албаса, айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат да, расмий мекемеге экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.

ИИМ сунуштаган мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турат. Анда жаңы эки берене сунушталган: 361-беренеге ылайык, айдоочулук күбөлүктү убактылуу алып коюу, 381-беренеде болсо теориялык экзаменди кайра тапшырууга милдеттендирүү. Бул нормалар, өзгөчө, катуу ылдамдыкта айдагандар, каршы тилкеге чыккандар, авто ээнбаштык кылгандар, авария жараткандар үчүн колдонулат. Жөнөкөй эреже бузуулар үчүн эмес.

Жаңы реформа: Айдоочуларды экзамен менен тарбиялоо ыкмасыбы?

Теориялык экзамен мамлекеттик борборлордо өткөрүлөт. Айдоочу 25 мүнөт ичинде 20 суроого жооп берип, алардын кеминде 18ине туура жооп берүүгө тийиш. Айдоочуга 2 айлык мөөнөт берилет. Эгер өтпөсө – айдоо укугу токтотулат.

Экзамендин баасы баскычтуу:

• Биринчи жолу – 500 сом,

• Экинчи жолу – 1000 сом,

• Үчүнчү жолу – 2000 сом,

• Төртүнчү жана андан кийинки – 4000 сом.

Мындай реформа эмнеге керек болду?  Бул кадамды мамлекет аргасыздан жасап жатат. Президент Садыр Жапаров жол кырсыктарынын көптүгүнө тынчсызданып, айдоочулук күбөлүктөрдү “сатып алган” муундун кесепети болуп жатат деген билдирүүсүн март айында жарыялаган.

Анда ал: «Айдоочулардын 70–80 пайызы жол белгилерин билбейт. Көпчүлүгү күбөлүктү окубай эле сатып алышкан. Бул – адам өмүрүн алган коркунучтуу көрүнүш», – деп билдирген.

Бул билдирүүдөн кийин өкмөт ИИМге жана «Унаа» агенттигине жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүү боюнча ыкчам чара көрүүнү тапшырган.

Коопсуз шаардын камералары аркылуу коопсуздук куру текшерилет

2025-жылдын 1-октябрынан тарта «Коопсуз өлкө» долбоору ишке кирип, атайын АПКлар (аппараттык-программалык комплекстер) коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө аныктап, фото-видео далил менен айып пул салат. ИИМдин маалыматына ылайык, бул ыкма жол эрежесине болгон жоопкерчиликти күчөтөт.

Чет өлкөлүк номерлер жана легалдаштыруу

ИИМдин маалыматына караганда, өлкө ичинде Армения, Абхазия сыяктуу өлкөлөрдөн келген чет элдик номурлуу унаалар көп. Бирок алардын көпчүлүгү легалдуу эмес. Эми бул унаалар жакынкы күндөрү текшерилип, каттоодон өтпөгөндөр мыйзам алдында жоопко тартылат.

Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде

Эл аралык Сalvert Foundation аналитикалык борборунун 2022-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстан жол коопсуздугу боюнча дүйнөдөгү 140 өлкөнүн ичинен 128-орунда турат. Ал эми коңшу Казакстан – 110-орунда, Өзбекстан – 94-орунда. Демек, айдоочулардын эрежени билүүсү – коопсуздуктун негизги шарты экенин дүйнө таанып бүттү.

Европада мындай система мурда эле киргизилген. Мисалы, Германияда айдоочу ар бир жол бузуудан соң “айдоочулк баллын” жоготот, ал 0гө түшсө – күбөлүк жоголот. Ошондой эле ар бир айдоочу психологиялык жана теориялык тесттен өтүүгө милдеттүү.

Бул реформа коомдо ар түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрымдары бул “акча жыйноо” механизми десе, башкалары аны колдоп жатат.

Светлана Мидинова айдоочу: «Кээ бир айдоочулар светофор эмне экенин билбейт. Мындай сынак – керек нерсе. Эреже билбеген адам рулга отурбасын», — дейт Бишкек шаарынын тургуну.

Ал эми таксинин айдоочусу Айбек Жолчиев «Ай сайын жаңы талап чыгат. Ким билет, экзаменден өткөрөбүз деп акча алып бизнес кылып алышат», — деген пикирин айтты.

Жогоруда айтылган эрежелер кандай жыйынтык берери азырынча белгисиз. Балким чынында жол кырсыгы азайып, жол эрежелери так сакталып баштайт. А балким жыйынтык бербейт. Муну убакыт жана практика көрсөтөт. Башкысы ар бир айдоочу айдоочулук күбөлүк – жөн гана кагаз эмес, коомдук жоопкерчилик экенин эстен чыгарбаш керек. Эреже билбеген адам рулга отуруп, адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратпашы шарт.

Scroll to Top