Күйүүчү майдын бир литринен 1 сом. Жол фондуна канча акча түштү?

Күйүүчү майдын бир литринен 1 сом. Жол фондуна канча акча түштү?

Быйыл 1,5 айдан ашык убакытта күйүүчү майдын ар бир литринен алынган жыйымдан Транспорт министрлигинин Жол фондуна 172 млн сом түштү. Бул тууралу 3-мартта парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.

Базаралиевдин айтымында, Жол фондуна акча түшүп турган 17 каржы булагы бар. Бирок учурда анын жетөөнөн акча түшпөйт. Күйүүчү майдын ар бир литринен 1 сомдон алынган жыйым фонддун каржы булактарынын бири. 20-февралга карата бул жыйымдан фондго 172 млн сом түштү.

Сөзүн улай ал Жол фондуна мурда каражат түшүп турганын, быйыл канча акча түшөт деп божомолдонуп жатканын айтты.

«2023-жылы Жол фонду толук кандуу ишке кирген. Ал жылы 4 млрд 557 млн сом, былтыр 5 млрд 846 млн сом түшкөн. Ал эми 2025-жылы 7,5-8 млрд сом чогулат деп божомолдоп жатабыз», — деди ал.

Ал билдиргендей, быйыл 227 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда. Андан тышкары утурумдук оңдоо иштери, көпүрө салуу жумуштары аткарылат. Жумуштар Жол чарба департаменти тарабынан жасалат. Жол фонду каражат бөлүп берет.

Эскерте кетсек, быйыл 1-январдан баштап күйүүчү майдын бир литринен 1 сомдон жыйым алына баштаган. Ал «ким көп айдаса, көп төлөйт» деген принцип боюнча киргизилген.

Ошол эле учурда жаңы жыйым киргендиктен унаа салыгы жоюлары тууралуу кабарланган.

Унаа салыгы жоюлуп, бересеси барлардын карызы кечилет

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жол фонду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>