Бишкекте 19 мурда кылмыш жасап, милициядан жашырынып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2003-жылы Бишкектин Рыскулов менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде, белгисиз жаран шаар тургунуна күч колдонуп, ири өлчөмдөгү акчасын тартып алган. Бул окуя боюнча Ленин райондук милициясы Кылмыш кодексинин (эски кодекс) 167-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
«Шектүү көп убакыт бою укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн. Ал издөөгө жарыяланган. Күн мурун милиция кызматкерлери каракчыны борбор калаадан кармашты, ал 19 жыл жашырынып жүргөн», — деп айтылат маалыматта.
ИИМдин маалыматы боюнча, кармалган 46 жаштагы Т.Э. аттуу шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз