Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
ИИМ: Кылмыш жасап, 19 жыл жашырынып жүргөн жаран кармалды
03.11.2022 | 16:46
Бишкекте 19 мурда кылмыш жасап, милициядан жашырынып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2003-жылы Бишкектин Рыскулов менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде, белгисиз жаран шаар тургунуна күч колдонуп, ири өлчөмдөгү акчасын тартып алган. Бул окуя боюнча Ленин райондук милициясы Кылмыш кодексинин (эски кодекс) 167-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
“Шектүү көп убакыт бою укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн. Ал издөөгө жарыяланган. Күн мурун милиция кызматкерлери каракчыны борбор калаадан кармашты, ал 19 жыл жашырынып жүргөн”, – деп айтылат маалыматта.
ИИМдин маалыматы боюнча, кармалган 46 жаштагы Т.Э. аттуу шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом