Кылмышка шектүүлөрдү камакта кармоо тартиби тууралуу мыйзамга кол коюлду

29.04.2025 | 15:50

Президент Садыр Жапаров “Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамда төмөнкүлөр каралган:
– шектүү же айыпталуучу катуу ооруп калганда же каза болгондо кабарланууга тийиш болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү (прокурор жана тергөө органдары);
– тергөө органына алып келген учурда тергөөчү тарабынан шектүүнү кармоо жөнүндө токтом түзүү;
– бошогондо шектүүгө же айыпталуучуга ким тарабынан кармалгандыгы, кармоонун негизи, жери жана убактысы, бошотуунун негизи жана убактысы көрсөтүлгөн маалымкат берүү;
– финансылык полиция органы жоюлгандыгына байланыштуу аны чыгаруу;
– “жашы жетпегендер” деген сөздү “балдар” деген сөз менен алмаштыруу;
– “соттолуучулар” кылмыш-жаза-укуктук мамилелердин субъектинин статусун жоготкондугуна байланыштуу алар жөнүндө ченемдик эскертүүнү алып салуу.

Scroll to Top