Кылмыштуу топтун мүчөлөрүн бийликке жолотпоо сунушталды

Кылмыштуу топтун мүчөлөрүн бийликке жолотпоо сунушталды

Ички иштер министрлиги «Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү-толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Документ өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнө өлкө президенттигине, парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлануусуна чектөө коюлат.

Мурдараак ИИМ 2020-жылы киши өлтүрүү, денеге оор залал келтирүү, адам уурдоо, опуза, талап-тоноо, каракчылык сыяктуу оор кылмыштар менен 127 уюшкан кылмыштуу топко (УКТ) таандык адамдар кармалганын кабарлаган.

Мындан бир нече жыл мурда ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адамдардын толук тизмесин жарыялаган. Ошол учурда ал тизмедеги жыйырмадан ашуун киши бир катар жергиликтүү кеңештерде жана шаардык кеңештерде депутат экени ачыкка чыккан. Алардын айрымдары депутаттыктан ары айыл өкмөт башчылыгына да шайланышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>