Марлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын хоккей боюнча курамасы Болгариядагы дүйнө чемпионатына катышатЖээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды
Кылычбек Султан Пакистандагы жаңы элчи болуп дайындалды
09.07.2025 | 09:01
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кылычбек Султан Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Кылычбек Султан — маалымат айдыңындагы таанымал фигура, ал “Сереп Медиа”, Super.kg сайттарынын жана “Супер-Инфо” гезитинин негиздөөчүсү.
Буга чейин 2012-2013-жылдары Социалдык өнүктүрүү министри кызматын аркалаган. Ошондой эле 2014-жылы Малайзияга элчи болуп дайындалып, 2016-жылы отставкага кеткен. 2017-жылы Кореядагы элчи болуп иштеген.
Рубрики: Жаңылыктар