«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
БРИКС: Кытай менен Индия Түркиянын уюмга мүчө болушуна каршылыгын билдиришти
09.07.2025 | 09:42
Кытай менен Индия Түркиянын БРИКСке толук укуктуу мүчө катары кошулушуна макул эместигин билдиришти. Бул тууралуу Clash Report басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, бул позиция өткөн жылы эле жеке талкуулар учурунда айтылган.
Кытай менен Индиянын мындай чечимине Түркиянын НАТОго мүчөлүгү негизги себеп болгону айтылууда. Бул жагдай Түркиянын БРИКС уюмунун максаттары жана милдеттери менен шайкештигине байланыштуу олуттуу талкууларды жараткан.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар