Кымбатчылык кайда баратат? Ысык-Көлдөгү эс алуучуларды чочуткан факттар
Жай мезгили Кыргызстандагы ички жана тышкы туризмдин эң жандуу маалы болуп саналат. Бул багытта Ысык-Көл облусу, айрыкча анын түндүк жээгиндеги Чолпон-Ата, Бостери, Кара-Ой жана башка аймактар жалпы өлкөнүн башкы туристтик визиттик картасы катары эсептелет. Бирок, жыл сайын кайталанып келе жаткан көйгөйлөр бар. Өзгөчө быйылкы жайкы туристтик мезгилде, пляждардагы санитардык абал, конокторго жеткиликтүү кызмат көрсөтүүнүн жоктугу, кадимки күндөн коргоочу кол чатырлардан тарта асман чапчыган баалар коомчулукта нааразычылык жаратты. Мындан улам “Reporter.kg” бул ирет Ысык-Көлдөгү быйылкы абал жана туристтерди чочуткан факттарга токтолот.

Соңку жылдары Ысык-Көлдө эс алуу бюджетинин кескин кымбаттап кетишин жалпы кыргызстандыктар, туристтер жана эксперттер белгилешүүдө. Пляждарга кирүү акысынын кымбатташы кол чатыр (зонтик) ижарасы, пансионаттардын баасынын кескин өсүшү жана башка көйгөйлөр. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты көбүнчө баасына жооп бербейт. Кол чатырлар эски, лежактар жараксыз, тамак-аштын даамы начар, тейлөө маданияты төмөн.

Кол чатырлар жана пляж жабдууларын ижарага берүү- “көл мафиясы” барбы?
Ысык-Көлдүн пляждарындагы эң чоң нааразычылык жаратып жаткан көрүнүштөрдүн бири бул көл жээктери айрым адамдар же топтор тарабынан монополиялык шартта ижарага алынып, ошолор гана кол чатыр, лежактарды ижарага берип жатышкандыгы болууда. Алар пляждарга өз кол чатырын алып кирүүгө уруксат жок деген чектөө коюп алышкан. Көптөгөн жабык пляждарда турист өзүнө тиешелүү жабдууларды алып кире албайт. Пляжга киргенден кийин мажбур түрдө алардын жабдууларын ижарага алууга туура келет. Ушул жерден дагы бир көңүл буруп карай турган маселе, бул
көпчүлүк жайларла карта менен төлөм кабыл алынбаганы. Бул болсо көмүскө экономиканын айкын белгиси. Ошондой эле ижара берүүчүлөрдүн көпчүлүгү расмий катталган эмес, салыктар төлөнбөйт. Бул жергиликтүү бийликтин көзөмөлүнүн жоктугун көрсөтөт. Жогоруда айтылган күн чатырынан улам коомчулукта маселе катуу талкууга алынып, бийлик “мындан ары чатырлардын ижара акысы 200 сомдон ашпайт” деген чечим чыгарды. Бирок бул маселени толук чечүү дегендик эмес. Негизи чатырлар 200 сом эмес, бекер болушу шарт эле.

Жергиликтүү бийлик эмне кылып отурат?
Жергиликтүү бийлик органдары жыл сайын “туризмди өнүктүрүү” урааны менен иш алып барып келгени менен, реалдуу өзгөрүүлөр аз.
Мисалы, инфратүзүм көйгөйүнө токтолсок,
• Жолдордун абалы көп жерлерде начар.
• Таза суу жана саркынды суу системалары эски.
• Унаа токтотуучу жайлар жетишсиз жана кээ бир пляждарда жол жээктери мыйзамсыз тосулган.
Ал эми санитардык көйгөйүнө токтоло турган болсок:
• Айрым пляждарда таштанды урналар жок, эс алуучулар таштандыларды өзү менен алып кетүүгө мажбур.
• Дааратканалар жетишсиз же начар абалда.
• Суудагы коопсуздук кызматтары кээ бир аймактарда таптакыр жок.
• Бийлик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана бааларга көзөмөл жүргүзбөйт.
Социалдык тармактарда жана ЖМКларда Ысык-Көлдөгү эс алуунун кымбаттыгы тууралуу бир нече видео, посттор жарыяланды. Анда эл көбүнчө төмөнкүлөргө даттанган: “Ысык-Көлдө эс алуу — чет өлкөдөгү эс алуудан кымбатыраак болуп калды”, “Өзүбүздүн көлгө барганга караганда Түркия арзан түшөт”, “Пляждарга киргизбей жатышат”,-деген билдирүүлөр толуп кетти.
Мунун баары эмнеден кабар берет? Ысык-Көлдү кымбат жана сапатсыз туристтик багыт катары кабылдоо күчөп баратат. Бирок, учурдагы кырдаалды оңдоого аракеттер да жок эмес.
Бирок ошол эле убакта аймакта позитивдүү өзгөрүүлөр да жок эмес. Жаңы отелдер жана пансионаттар курулууда. Жогорку деңгээлдеги мейманканалар курулууда. Бул чет элдик туристтерди тартууга жардам берет.

Маданий жана спорттук иш-чаралардын уюштурулушу. Жай айларында фестивалдар, концерттер жана спорттук мелдештер өткөрүлүп жатат. Бул туристтер үчүн кошумча мотивация болууда. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар ижарага батир берүү, тамак-аш сатуучу жайларды ачуу, гиддик кызматтарды сунуштоо аркылуу туризмге кошумча түрткү берип жатышат.

Ысык-Көл Кыргызстандын туризм багытындагы “визиттик карточкасы” катары калыптанып келгени менен, акыркы жылдары жаралган кымбатчылык, кызматтардын сапатсыздыгы жана бийликтин алсыз аракети бул статусун жоготуу коркунучун жаратууда. Эгер жакынкы жылдары абал өзгөртүлбөсө, ички туристтердин саны кескин кыскарып, чет өлкөлүк туристтер дагы альтернатива издей башташы толук ыктымал. Көлдүн мүмкүнчүлүгү зор, бирок башкаруу начар. Мындай шартта туруктуу өнүгүү болбойт. Ошондуктан, туризмди өнүктүрүү стратегиясы реалдуу, элге ыңгайлуу жана таза иш алып барууга багытталышы керек. Туура саясат жана координация менен Ысык-Көлдү Борбор Азиядагы туризмдин флагманына айландыруу толук мүмкүн.