БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Кыргызстандык балбан Алхам Абдрасулов дүйнө чемпиону болду
31.07.2025 | 19:59
Афина шаарында өтүп жаткан 17 жашка чейинки (U-17) спортчулар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Алхам Абдрасулов алтын медалга ээ болду.
Жаш балбан 55 килограммга чейинки салмак категориясында атаандаштарын жеңип, дүйнөлүк чемпиондук наамга татыды. Ал турнир бою өзүнүн жогорку техникасын, мыкты физикалык даярдыгын жана тайманбас мүнөзүн көрсөтүп, финалдык таймашта да атаандашын ишенимдүү жеңди.
Алхам Абдрасулов — “Ак Илбирс” адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинин бүтүрүүчүсү. Аталган мектеп Кыргызстандын көптөгөн чемпиондорун тарбиялап чыккан спорт мекемелеринин бири катары таанымал.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт