Социалдык тармактарда Баткенде тажик аскер кызматкерлери эки кыргызстандыкты барымтага алды делген комментарийлер камтылган видео таркатылууда.
Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин Катчылыгы бул маалыматты расмий эмес, жалган деп четке какты.
Бул видео 2017-жылы тартылып, 2021-жылдын 28-29-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон окуяларга эч кандай тиешеси жок деп билдирүү таратты.