Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Кыргыз Эл артисти Болот Шамшиевдин абалы оор
16.12.2019 | 17:32
Кыргыз Эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиевдин абалы оор. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк билдирди.
Анын айтымында, Шамшиев ноябрь айынын аягында ооруканага жаткырылган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө.
“Башында абалы оор болчу. Бир жума мурун жакшы болуп калган. Азыр абалы оорлоп кетти. Дарыгерлер бардык аракеттерин жасап жатат”, – деген ал.
Советтик кыргыз кино актёру, кинорежиссер, сценарист жана СССрдин эл артисти Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Бишкек шаарында (мурдагы Фрунзе) төрөлгөн.
Ал “Караш-Караш”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Эрте жаздагы турналар”, “Бөрү зындан” ж.б. бир катар көркөм жана даректүү тасмаларды тарткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом