Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода үч тараптуу жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу 8-январда үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде болот.
«Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттеринин буга чейин жетишилген мамлекеттик чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.