Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз бердиБишкекте Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүКыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жокЖапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайт
Кыргыз-өзбек-тажик өкмөт башчылары чек ара боюнча макулдашууну талкуулайт
07.01.2025 | 17:26
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода үч тараптуу жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу 8-январда үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде болот.
“Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттеринин буга чейин жетишилген мамлекеттик чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом