Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Кыргыз тарап россиялык альпинисти куткарууга болгон аракетин кылды – Песков
01.09.2025 | 16:45

Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков «Жеңиш» чокусунда кырсыкка кабылган альпинист Наталья Наговицынага байланыштуу кыргыз тарап бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонгонун билдирди.
«Биздин досторубуз – кыргыз тарап бул альпинистти куткарууга болгон аракетин жумшады. Дрон аркылуу маалымат алынып, ачык жарыяланды. Биздин ӨКМ кыргыз тарап менен аракеттерди координациялап жатат», — деди Песков.
Эскерте кетсек, Наталья Наговицына 7 миң метр бийиктикте бутун сындырып алган соң, аба ырайынын катаалдыгы куткаруу иштерине тоскоол болгон. ӨКМ анын тирүү же тирүү эместиги азырынча белгисиз экенин, учурда дайынсыздар катарында эсептелерин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар