Энергетикалык суусундуктар нерв системасынын ашыкча козголушун жаратат — Дайырбек ОрунбековКыргызстанда медреселердин саны расмий маалыматта көрсөтүлгөндөн көп болуп чыктыЭВФ: 2027-жылы Кыргызстанда инфляция Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчкө жететКыргыз мамлекеттик циркине казакстандык Нурлан Конокбаев жетекчи болуп дайындалды«Айтматовду» бүт өлкө күтүүдө. Байопиктин режиссёру Каныбек Калматов менен маек«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирди
Кыргыз тарап россиялык альпинисти куткарууга болгон аракетин кылды – Песков
01.09.2025 | 16:45

Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков «Жеңиш» чокусунда кырсыкка кабылган альпинист Наталья Наговицынага байланыштуу кыргыз тарап бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонгонун билдирди.
«Биздин досторубуз – кыргыз тарап бул альпинистти куткарууга болгон аракетин жумшады. Дрон аркылуу маалымат алынып, ачык жарыяланды. Биздин ӨКМ кыргыз тарап менен аракеттерди координациялап жатат», — деди Песков.
Эскерте кетсек, Наталья Наговицына 7 миң метр бийиктикте бутун сындырып алган соң, аба ырайынын катаалдыгы куткаруу иштерине тоскоол болгон. ӨКМ анын тирүү же тирүү эместиги азырынча белгисиз экенин, учурда дайынсыздар катарында эсептелерин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар