Кыргыз темир жолундагы транспорттук процесстердин коопсуздугун жогорулатуу үчүн “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын каражаттарынын эсебинен 20 чакырым рельс сатып алынды. Бул туурасында аталган мекемеден билдирди.
Маалыматка караганда, Р-65 рельстеринин биринчи партиясы келген. Рельстер 2021-жылы чыгарылган. Атайын талаптарга жооп берет. Ушул жумада көйгөйлүү участкаларга рельстер төшөлө баштайт.
20 чакырым рельс төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
— темир жолдун 3933-чакырымынан 3946-чакырымына чейин («Балыкчы» станциясынан 148-чакырым чейин) 14 чакырым темир рельс менен төшөлөт;
— 3729 чм темир жолдон 3733 чмга чейин — 5 чм рельс (Кара-Балта станциясынан 141-разъездге чейин);
— темир жолдун 3676 чм (“Мерке-Чалдовар”) 1 чакырым рельс төшөлөт.