«Кыргыз Туусу» гезитине жаңы башкы редактор дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тыналиев Мырзакат Бешкемпирович «Кыргыз Туусу» Басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп дайындалган.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.
Буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Эрнис Балбаков феврал айында кызматынан бошотулган.