Кыргыз-түрк достугу ооруканасына Режеп Тайып Эрдогандын ысымы ыйгарылды

Кыргыз-түрк достугу ооруканасына Режеп Тайып Эрдогандын ысымы ыйгарылды

Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Мындай чечим Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын таануу иретинде кабыл алынган.

Мындан ары медициналык борбор “Режеп Тайып Эрдоган атындагы Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы” деп аталат.

Бул ооруканада медициналык тез жардам кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү, мындан башка поликлиника жана радиология бөлүмү бар.

Бейтапкана медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары, илимий иштерди да жүргүзөт.

Эскерте кетсек, аталган оорукана Түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан курулган. Ал 2021-жылы пайдаланууга берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>