Оштун Жибек-Жолу аймагындагы эски мектептер жаңыланып, маданият үйү жана спорт зал курулатКытай жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимден улам айдоочулар жумушсуз калышы мүмкүнАдылбек Касымалиев Euronews башчысы менен жолугушту — эмнелер талкууландыАктивист «Кыргызнефтегаз» ишинде аты аталган компаниялардын миллиондогон кирешелери тууралуу айтып бердиЖогорку Кеңеште Бишкек мэриясынан ысык сууну өчүрүүнү жылдырууну сураныштыКазакстан жана Кыргызстан социалдык чөйрөдө санариптик чечимдерди алмашууну макулдашты
Кыргыз-венгер фондунун башчысы Эркинов эки айга камалды
05.05.2023 | 09:00
УКМК тарабынан кармалган Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов эки айга камакка алынды.
Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасы 4-майда Биринчи май райондук сотунда каралып, Эркиновду 3-июлга чейин камакка алуу чечими чыгарылган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.
Белгилүү болгондой, Эркинов коррупцияга шектелип кармалган. Азырынча ал кармалган иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат бериле элек.
Эскерте кетсек, Кыргыз-венгер фонду 2021-жылы ноябрь айында түзүлгөн. Фонддун баштапкы капиталы 16 млн доллар болгон. Аны 50 млн долларга чейин көбөйтүү пландалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз