Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Кыргыз-венгер фондунун башчысы Эркинов эки айга камалды
05.05.2023 | 09:00
УКМК тарабынан кармалган Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Темирбек Эркинов эки айга камакка алынды.
Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасы 4-майда Биринчи май райондук сотунда каралып, Эркиновду 3-июлга чейин камакка алуу чечими чыгарылган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.
Белгилүү болгондой, Эркинов коррупцияга шектелип кармалган. Азырынча ал кармалган иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат бериле элек.
Эскерте кетсек, Кыргыз-венгер фонду 2021-жылы ноябрь айында түзүлгөн. Фонддун баштапкы капиталы 16 млн доллар болгон. Аны 50 млн долларга чейин көбөйтүү пландалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз