Кыргыздарды кемсинткен Андрей Малаховдун Instagram баракчасына “чабуул” башталды (фото)

Кыргыздарды кемсинткен Андрей Малаховдун Instagram баракчасына “чабуул” башталды (фото)

Орусиялык шоумен, теле алып баруучу Андрей Малахов “Россия 1” телеканалынын түз эфиринде кыргызстандык таксистти адам өлтүрүүгө айыптап, жалпы кыргыз элине акаарат келтирген сөзүнөн кийин, миңдеген соцтармак колдонуучулары анын Instagram баракчасына каршылык “чабуул” жасашты.

Шоумендин социалдык тармакка акыркы жүктөгөн сүрөтүнүн алдына 3 миңден ашык кыргызстандык #maLOHov деген хештек менен пикир калтырышып, анын Исламбека Акбаровко жана кыргыз элине карата айткан сөздөрү үчүн кечирим суроону талап кылган билдирүүлөрдү калтырышкан.

Белгилей кетсек, 24-сентябрда теле алып баруучуАндрей Малахов “Россия 1” телеканалынын түз эфириндеги  орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүүдө Исламбек Акбаровду  адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын улутчулдук маанайдагы сөздөр менен кемсинткен.

Көп өтпөй социалдык тармактын колдонуучулары “Россия 1” телеканалынан жана Малаховдон кыргыздарды мазактаганы үчүн кечирим суроону талап кылып, #maLOHov деген хештег менен флешмоб башташкан.







Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>