«Кыргызфармация» дары-дармек жана медициналык буюмдар үчүн ири кампа салууда

22.05.2025 | 10:50

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы жаңы борборлоштурулган кампа салууда.

Ишкана кабарлагандай, бул ишкана мамлекетке караштуу ооруканалар менен бейтапканаларды дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыз кылат.

Азыркы учурда “Кыргызфармация” 300гө жакын мекемеге кызмат көрсөтүп жатат. Бирок талап өсүп жаткандыктан жана дары-дармектерди эл аралык стандарттарга ылайык сактоо керек болгону үчүн жаңы логистикалык база курулуп жатат.

Бул максатта мурдагы “Айдан Фарма” заводу жайгашкан жерде 2000 м² аянттагы имарат “Кыргызфармацияга” берилди. Азыр ал жерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат жана кампа эл аралык стандарттагы – GDP (Good Distribution Practice) талаптарына ылайыкташтырылат.

 

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top