«Кыргызкөмүр»: Кара-Кече кенине жеке көмүр ташуучулар убактылуу кире алышпайт

Кара-Кече кенине жеке көмүр ташуучулардын киришине убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чара социалдык отун базаларында көмүрдүн тартыштыгы байкалганына жана айрым аймактарда баанын жогорулаганына байланыштуу убактылуу жана мажбурдуу түрдө кабыл алынган.
“Суроо-талаптын өсүшүнө жана абанын кескин суукташына байланыштуу, биз социалдык отун базаларына көмүр жүктөөнү күчөттүк. Жеке ташуучулар үчүн кирүүнү убактылуу чектөө аркылуу кампаларды кыска мөөнөттө толтуруп, элди адилет баадагы көмүр менен камсыздай алабыз”,- деп айтылат маалыматта
Ишкана кошумчалагандай, ишкананын демилгесин колдоону каалаган жеке көмүр ташуучулар кызматташтык шартында социалдык отун базаларына көмүр жеткирүүгө катыша алышат.
Көмүрдүн кору толукталгандан жана базардагы абал турукташкандан кийин, жеке ташуучулардын иши кадимки тартипте жандана турганы маалымдалды.