Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Майнинг салыгынан түшкөн киреше бир жыл ичинде эки эсеге өстү
03.11.2025 | 16:19

Кыргызстандын бюджетине январь–сентябрь айларында майнинг салыгынан 77 миллион 73,5 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп болду. 2024-жылдын январь–сентябрь айларында бюджетке 38 миллион 163,7 миң сом түшкөн.
Мындан тышкары, август айында майнинг салыгынан түшкөн каражат 14 миллион 175,8 миң сомду түзүп, мурунку айдагы 9 миллион 720,7 миң сомго салыштырмалуу да өскөнү белгиленди.
Адистердин айтымында, майнинг ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу жана көзөмөлдү күчөтүү салык түшүүлөрүнүн туруктуу өсүшүнө өбөлгө болууда.