«Кыргызкомур» тогуз айдын жыйынтыгы менен туруктуу өсүштү көрсөттү

01.11.2025 | 14:32


Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин коллегиясында Ачык акционердик коом «Кыргызкомур» 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча өндүрүштүк жана каржы-чарба ишмердүүлүгү тууралуу отчетун сунуштады. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Компаниянын маалыматына караганда, отчеттук мезгил ичинде 655,3 миң тонна көмүр казылып, 6,8 миллион куб метр өлчөмүндө көмүр үстүндөгү (вскрышные) иштер аткарылган. Кара-Кече кенинде кошумча 100 миң тонна көмүр ачылып, анын 30 миң тоннасы керектөөчүлөргө жөнөтүү үчүн кампаларга коюлган.

«100 өнөр жай долбоору – 2025» программасынын алкагында беш кенде — «Сүлүктү поле-11», «Тегене», «Маркай», «Кожо-Келен» жана «Бешбурхан» — биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Август айында «Кожо-Келен» жана «Бешбурхан» аттуу эки жаңы кен ачылып, учурда бул жерлерде тоо-кен даярдоо иштери жүрүп жатат.

Негизги көңүл элди жылытуу мезгилинде көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоого бурулууда. Республика боюнча 118 отун базасы жана көмүр сатуу пункттары иштеп жатат. Бул бардык аймактардын тургундарын, ошондой эле социалдык жана мамлекеттик мекемелерди көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзөт.

Каржылык көрсөткүчтөр туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Тогуз айдын ичинде компаниянын кирешеси 3,58 миллиард сомду, чыгашалары 3,46 миллиард сомду түзгөн. Таза пайда 120,1 миллион сом болуп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 52 пайызга көп.

Мындан тышкары, сентябрь айында Кара-Кече кенинде заманбап экологиялык талаптарга жооп берген иргөө комплекси ишке киргизилди. Техникалык базаны жаңылоо максатында ишкана 259,2 миллион сомго 29 даана адистештирилген техника сатып алды.

Scroll to Top