«Кыргызкөмүр»: Көмүр ташыгандар талапка дал келбей жатат

«Кыргызкөмүр»: Көмүр ташыгандар талапка дал келбей жатат

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надыр Бекжанов көмүр ташып келүү боюнча үчүнчү ирет тендер өткөрүлүп жатышынын себебин Reporter.kg ′ге түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, буга чейин эки ирет жарыяланган тендер жокко чыгарылган.

“Өткөрүлгөн эки аукционго тең компаниялар катышкан. Бирок, биздин талаптарга ылайык, компаниялардын карызы жок, салыктарды өз убагында төлөгөн жана өзүнүн 20-30дай оор жүк ташуучу унаалары бар болушу керек деген ушул сыяктуу талаптарга жооп бериши зарыл. Тилекке каршы, компаниялар биздин талаптарга ылайык келбегендиктен улам ал тендерлер жокко чыккан. Мындан улам биз үчүнчү жолу тендер жарыялаганбыз”,- деди ал.

Ошондой эле ал учурда көмүр ташып келүү иштери жүрүп жатканын жана жеринде бир тонна көмүрдүн баасы 1330 сом деп бекитилгенин белгиледи.

Аталган ишканадан маалымдашкандай, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек ЖЭБине график боюнча 150 миң тоннага жакын көмүр жеткизилген. Республика боюнча 758 көмүр камапасы ачылган. Кара-Кечеден чыккан көмүр баасы мурдагы жылдардай эле 1330 сом. Бишкекке келгенден кийинки бааны антимонополия көзөмөлдөйт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>