«Кыргызсериал» тик форматтагы сериалдар сынагын жарыялады

06.04.2026 | 12:54

«Кыргызсериал» мамлекеттик мекемеси кыргыз тилиндеги санариптик видеоконтентти өнүктүрүү жана чыгармачыл жаштарды колдоо максатында тик форматтагы сериалдарды тартуу боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.

Сынактын шарттары:

  • Сериалдар тик форматта (9:16) тартылышы керек;
  • Бир сериянын узактыгы 2 мүнөттөн 5 мүнөткө чейин;
  • Сериалдардын жалпы саны 30 сериядан кем болбошу зарыл;
  • Сериалдар кыргыз тилинде болушу керек;
  • Идеясы оригиналдуу жана актуалдуу болууга тийиш.

Сынакка маданий жана социалдык мааниге ээ долбоорлор кабыл алынат. Алар китепкана, театр жана музейлерге кызыгууну арттырууга, улуттук тилди сактоого жана жайылтууга, ошондой эле салт-санаа менен улуттук майрамдардын маанисин чагылдырууга багытталышы керек.

Талап кылынган материалдар:

  • Долбоордун синопсиси жана каармандардын сүрөттөлүшү;
  • Пилоттук сериянын сценарийи же сценарийдик сунуш;
  • Визуалдык концепция (бар болсо);
  • Авторлор тууралуу маалымат.

Сынакка юридикалык жактар (жеке студиялар) катыша алат. Ар бир катышуучу бир гана долбоор сунуштай алат. Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 30-апрели саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Scroll to Top