Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өттү. Эмнелер өзгөрөт?

02.09.2025 | 18:00

2025-2026-окуу жылы Кыргызстанда билим берүү тармагында тарыхый өзгөрүүлөрдүн башталышы болду. Эл аралык заманбап стандарттарга жооп берүү, билимдин сапатын жогорулатуу жана жаш муундарды дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкка даярдоо максатында өлкө расмий түрдө 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өттү. Агартуу министрлиги бул кадам билим берүү тармагындагы эң масштабдуу реформалардын бири болот деп убадалоодо. Иш жүзүндө кандай болот, айтылган убадалар аткарылабы, балдарыбыз чын эле жаңыча билим алабы аны убакыт көрсөтөт. Бул ирет 12 жылдык билим берүүгө өтүү менен эмнелер өзгөрөт деген темага кайрылабыз.

Жаңы моделде 12 жылдык билим берүү үч негизги этапка бөлүндү: башталгыч (1-6-класстар), негизги орто (7-9-класстар) жана профилдик орто билим берүү (10-12-класстар). Мындай бөлүнүү балдардын билим алуусунда этап-этабы менен тереңдетилген көндүмдөрдү өздөштүрүүгө шарт түзөт. Мындан сырткары, 10-12-класстарда окуучулар өз кызыкчылыктарына жараша кесиптик багыттарды тандап, келечектеги кесиптик карьерасына даярдана алышат. Бул өзгөчөлүк балдардын кесиптик багыттарын эртерээк аныктоого жана аларга ылайыктуу билим берүү курстарын сунуштоого мүмкүндүк берет дейт министрлик.


Бул жыл өзгөчө – өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун жана өнүгүүгө умтулуунун жылы болуп, өлкөбүз көз карандысыздыгынын 30 жылында биринчи жолу билим берүү тармагында системалуу жана масштабдуу реформаларга баргандыгын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Билим күнүнө карата кайрылуусунда билдирди.

Окуучуларды үйрөтө турган мугалимдердин даярдыгы кандай?

12 жылдык билим берүү системасына өтүү менен жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттары бекитилди. Бардык предметтер боюнча окуу программалары жаңыртылып, заманбап билим берүү методикалары киргизилди. Бул өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн өлкө боюнча ондогон миңдеген мугалимдер кайра даярдоодон өтүп, кесиптик деңгээлин жогорулатышты. Мугалимдерге “Алтын Казык” ноутбуктары берилди, санариптик ресурстар жана электрондук күндөлүктөр киргизилди. Эң башкысы, мамлекет биринчи жолу окуу китептерине, санариптештирүүгө жана кадрларды даярдоого ири суммада каражат бөлдү.

Мындан сырткары, быйыл 1-2-класстар үчүн 308 миңден ашуун орун түзүлүп, мектептер жаңы билим берүү моделине ылайык даярдалды. Мектептердин көпчүлүгү мамлекеттик жана муниципалдык болуп саналат, жеке менчик мектептер негизинен Бишкек жана Чүй облусунда жайгашкан.
Борбор калаада 119 мектепте 10 миңден ашык мугалим учурда эмгектенет. Быйылкы 2025-2026-окуу жылына 40 миңдин тегерегинде балдар 1-2-класска электрондук каттоодон өтүп, учурда мектеп босогосун атташты. Акыркы 4 жылдын ичинде борбор калаада 9 жаңы мектеп, андан сырткары 15 мектепке кошумча имарат салынды.

Кыргызстандын билим берүү системасындагы бул өзгөрүүлөр биринчи гана кадам. Билим берүү тармагын санариптештирүү, педагогдордун кесиптик даярдыгын жогорулатуу, мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу сыяктуу иштер улантылып, өлкөнүн билим берүү сапатын узак мөөнөттүү өнүктүрүүнү камсыз кылат. 12 жылдык билим берүү системасына өтүү — бул Кыргызстан үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатып, заманбап муунду тарбиялоодо олуттуу мүмкүнчүлүк. Бул кадам өлкөнүн келечегин аныктап, жаштарды дүйнө жүзүндөгү атаандаштыкка даярдоодо маанилүү ролду ойнойт. Деген менен мындан аркы реформалардын ийгилиги билим берүү тармагындагы бул жаңылыктардын канчалык сапаттуу жана системалуу ишке ашырылышына жараша болот.

Scroll to Top