Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөтСадыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолуктуПрезиденттике дагы бир талапкер: Акай Кыдыров БШКга арыз бердиМыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргиздиДемократтар АКШ Конгрессин көзөмөлгө алышты — Трамп үчүн кесепеттери
Эрулан Кокулов видеого тарткан инспектор кызматынан бошотулду
02.09.2025 | 19:20

Социалдык тармактарда Эрулан Көкүлов видеого тартып алган инспектор кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 7-каналга ырастады.
Маалыматка ылайык, бул факт боюнча Ысык-Көл ОИИБдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзгөн.
Иликтөөнүн жыйынтыгында инспектор:
- кесиптик этика нормаларын,
- кызматтык тартипти одоно бузганы аныкталды.
“Натыйжада ал ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, иштен бошотулду”,-деп айтылат милициянын маалыматында.
Рубрики: Жаңылыктар