Кыргызстан АКШнын виза берүүдөгү жаңы талаптары боюнча тынчсыздануусун билдирди
Кыргызстан АКШ тарабынан кыргызстандык жарандарга визаларды берүүдө жаңы талаптардын киргизилишине тынчсыздануусун билдирди. Мындай билдирүү Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусунда айтылды.
Абакиров визаларды берүүдөгү жаңы талаптар ишкерлер ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүгө тоскоолдук жаратарын белгиледи. Ал ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетүү керектигин айтты.
АКШнын элчиси буга жооп кылып, мындай талаптар конкреттүү бир өлкөгө карата эмес, АКШнын миграциялык саясатынын алкагында жана визалык мыйзамдарды сактоо зарылдыгын эске алуу менен киргизилгенин белгиледи.
Буга чейин АКШ иммиграциялык эмес виза алууну каалган кыргызстандыктарга жаңы талап киргизген. Ага ылайык, 2026‑жылдын 21‑январынан тартып Кыргызстандын жарандары В-1 (иш сапарлары) жана В-2 (туризм) категорияларындагы АКШнын Иммиграциялык эмес визаларына арыз бергенде 5 000 доллардан 15 000 долларга чейин күрөө төлөөгө милдеттүү болот.