Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Кыргыз-өзбек чек арасына 45 метрлик флагшток орнотулуп, туу илинди
13.01.2026 | 16:12

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” көзөмөл-өткөрүү бекетине жакын жерде 45 метрлик флагшток орнотулуп, мамлекеттик туу илинди. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Былтыркы жылдын башында шаар мэри Жеңишбек Токторбаев бекеттин аймагын кыдырып чыгып, андан кийин аны иретке келтирүү тапшырмасын берген. Мындан улам бекеттин айланасы иретке келитирилген.
Ошондой эле иштебей калган май куюучу жайдын ордуна флагшток орнотулуп, айланасына заманбап эс алуу жайы курулган.
Мэр буга чейин Кыргызстанда кирип келгенде көрүнүш начар болгонун, “Эшигин көрүп, төрүнө өт” дегендей, “Достук” бекетинин айланасын көрктөндүрүүнү максат кылып, ушундай тапшырма бергенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом