«Кыргызстан, Акжол!». Казакстандыктар Махмудовго күйөрмандык кылды (видео)

«Кыргызстан, Акжол!». Казакстандыктар Махмудовго күйөрмандык кылды (видео)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык грек-рим балбаны Акжол Махмудов 77 кг салмакта коло байге утту.

Махмудов коло үчүн азербайжандык Санан Сулайманов менен күрөшүп, аны 6:5 эсебинде жеңди.

Бул беттеште анын байге алышын бир гана Кыргызстанда эмес, коңшу Казакстанда да күйөрмандар күтүп отурду. Соцтармактарга коңшу мамлекеттеги күйөрмандар Акжол Махмудовдун кармашын көрүп, аны жан үрөп колдоп жатканы тартылган видеолор чыкты. Алар Махмудовдун жеңишке жетишин «Кыргызстан, Акжол!» деп кубаттады.

Белгилей кетсек, кыргызстандык күйөрмандар да 77 кг салмакта алтын үчүн күрөшкөн казакстандык балбан Демеу Жадраевге жеңиш каалап, аны колдоп отурушту. Жадраев күмүш байгеге кол жеткизди. Ал эми алтынды япониялык Нао Кусака утту.

Акжол Махмудов экинчи ирет Олимпиадада байге алды (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>