Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Кыргызстан Азербайжанга кой этин, төө буурчак сатып, мунай сатып алгысы келет
07.08.2024 | 14:40
Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолушууда соода-экономикалык кызматташуу, анын ичинде Азербайжандан мунай сатып алуу, Азербайжанга кой этин жана төө буурчакты экспорттоо маселелери талкууланган.
Ошондой эле “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Каспий деңизи – Азербайжан” каттамы боюнча жүктөрдү ташуу маселелери тууралуу сөз болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом