Кыргызстан «Азеркосмос» менен кызматташууга кызыкдар

09.12.2025 | 13:34

Азербайжан Республикасына иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Азербайжандын “Азеркосмос”космостук агенттигинде болду. Сапардын жүрүшүндө Агенттиктин Директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Дунай Батирханов менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

Тараптар спутниктик байланыш жана санариптик чечимдер жаатында биргелешип иштөөнүн келечегин талкуулашты. Кыргыз тарап байланышты камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана алдын алуу, айыл чарба жерлерин мониторингдөө жана экологиялык көзөмөлдү ишке ашыруу сыяктуу практикалык милдеттерди чечүү үчүн Азербайжан спутниктеринин ресурстарын тартууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Рубрики: Коом
Scroll to Top