Кыргызстан биринчи жолу үрөн экспорттоду: айыл чарба тармагы жыл жыйынтыгын чыгарды
2025-жылы Кыргызстандын айыл чарбасы өсүш көрсөтүп, үрөнчүлүк, көчөт, ветеринария тармактары тарыхый жетишкендиктерге жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Министрлик өзгөчө жетишкендик катары алгачкы ирет үрөндүн экспорттолушун белгиледи. Кыргызстан тарыхыта биринчи жолу 40 тонна беде үрөнүн Орусияга, 1,6 тонна ашкабак үрөнүн Жапонияга экспорттогон.
Маалымат боюнча, өлкө боюнча 86 үрөнчүлүк чарба иштейт. 2025-жылдын 11 айында 4 миң 485 тонна сапаттуу буудай үрөнү даярдалган. Үрөн алуучулардын саны 2 миң 782ге жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 14%га өскөн. Ошондой эле 15 млн 37 миң көчөт даярдалып, импортко болгон көз карандылык кыйла азайган.
Өлкөдө дыйканчылык тармагы да жакшы жыйынтык көрсөттү. Үстүбүздөгү жылы жалпы 1 млн 245,6 миң гектар жер айдалган. Дан эгиндеринен 2,3 млн тоннадан ашык түшүм алынган. Картошка, жашылча жана бахча өсүмдүктөрүнүн түшүмү да рекорд көрсөткөн.
Мындан тышкары мал чарбасында ири реформа жүргүзүлгөн. Алгачкы жолу мамлекеттик бюджеттен 60 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, 270 миң доза асыл тукум бука уругу акысыз таратылган.
“Натыйжада 77 миңден ашуун уй-кунажын жасалма уруктандыруудан өткөрүлдү. Учурда өлкөдө 302 уруктандыруу пункту иштеп жатат. Бүгүнкү күндө 185 асыл-тукум чарба расмий катталып, ири мүйүздүү мал, кой, жылкы, эчки, топоз, канаттуу жана аары чарбалары системалуу өнүгүүдө”,- деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары министрлик айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелер ишке ашырылып жатканын маалымдады. Алардын арасында төмөну долбоорлор бар:
- 3%дык жеңилдетилген насыя;
- жогорку түшүмдүү сорго, сафлор, ферула өсүмдүктөрүн жайылтуу;
- цитрус жана мөмө-жемиш көчөттөрүн отургузуу;
- экинчи түшүмдү айдоо географиясын кеңейтүү;
- асыл-тукум бодо мал заводун түзүү;
- органикалык өндүрүш жана жайыттарды калыбына келтирүү долбоорлору.