Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышат
Мурдагы илим министри мас абалында унаа айдаганы үчүн бир жылга айдоочулук укугунан ажыратылды
23.12.2025 | 17:00
Аламүдүн райондук соту Илим министрлигинин мурдагы башчысы Бактияр Орозовго карата чечим чыгарды. Экс-чиновник транспорт каражатын алкоголдук мас абалында башкарганы үчүн күнөөлүү деп табылып, бир жыл мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратылды.
Соттук териштирүүгө жана кызматтан алынууга себеп болгон окуя 15-декабрга караган түнү болгон. Орозов Чүй облусунун Кой-Таш айылы тараптан милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Медициналык күбөлөндүрүү мас абалында унаа башкаруу фактысын тастыктаган.
Эске салсак, 15-декабрда президент Садыр Жапаров Бактияр Орозовду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Жумуштан алуунун расмий себеби катары «мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабагандыгы» көрсөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар