Кыргызстан боюнча электр энергия берилди. Бул туурасында Энергетика министринин басма сөз кызматкери Жийде Зоотбекова фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал электр энергия өлкө боюнча берилгенин билдирди.
Бүгүн, 25-январь күнү Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесинде мүчүлүштүктөр болду. Авариялык өчүрүү системасы ишке киргизилди. Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын керектөөчүлөрү бир нече саатка жарыксыз калышты.